Редакцияот 05.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 5 - сессиясы

 

2022-жылдын 21-январы № 33/5-28

Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин иш-планын бекитүү жөнүндө

Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2022-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2022-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жогорудагы буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы

Джолдошбеков Э.Б.

 

 

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 21.01.2022-жылдагы сессиясынын №33/5-28 токтому менен бекитилген.

 

СЫН-ТАШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ИШ ПЛАНЫ

 

№ п/п

Өткөрүлүүчү иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Жоопкерлер

1

Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылы өткөрүлө турган эл каттоого жана турак жай фондусун каттоого карата жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу.

Январь

А/ө

2

Дыйкандардын талаачылык жумуштарынын жыйынтыгы жана жазгы-жайкы талаачылык жумуштарында суу колдонуучулар ассосациясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө.

февраль

АВП “Жетиген-Суу,”Отөгөн Суу”

3

Калктуу пунктарды көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу жөнүндө.

Март

Башкы адис.

4

Жогору турган органдардан түшкөн буйрук чечимдер, токтомдордун иш жүзүнө ашырылышы жөнүндө.

апрель

Жоопту катчы.

5

Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө” мыйзамынын ишке ашырылышы жөнүндө.

май

Аймактагы вет.врач

6

Салык төлөмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөрдүн төлөнүшү жөнүндө.

июнь

Башкы адис.

7

Агрардык саясат жөнүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу.

июль

Башкы адис.

8

Аймакта жайгашкан мектептердин жаны 2022-2023-окуу жылына даярдыгы жөнүндө.

август

Салык инспект.

9

Сын-Таш айыл аймагынын жайыт колдонуучулар бирикмесинини аткарган кызматтары жөнүндө.

Сентябрь

Жайыт комитети.

10

Айыл тургундарынын медициналык жактан камсыздалышы жана тейленүүсү жөнүндө.

октябрь

АТС инспекторлору

11

Жарандардын арыздарынын жана кайрылууларынын каралышы жөнүндө

Ноябрь

Жоопту катчы

12

2022-жылдагы аймакты өнүктүрүүнүн социалдык экономикалык абалы жөнүндө жыйынтык.

Декабрь

А/о

 

Сын-Таш а/ө жооптуу катчысы:

М.Т.Бексултанова