Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-июну № 02
«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4 – бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Балта ш. 2022 - жылга карата бюджетин жана 2023-2024 - жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022 - жылдын 26-январындагы № 1 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин:
1.1.«Универсал» МИнын эркин калдык каражаттарынын эсебинен «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 статьясынан 6 680,0 миң сом азайуу тарабына кредит мүлккө ММБнүн «Имараттар жана курулуштар» 3111 статьясына 6 680,0 миң сом көбөйтүү тарабына жөнөтүлсүн.
1.2. «Универсал» МИнын (№ 9 Тиркемеде) «Учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуу»
Ø 2222 статьясынан 10 818,4 миң сомго азайуу тарабына кредиттер жөнөтүлсүн:
- мүлккө ММБнүн «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» 2215 статьясын 1 500,0 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү тарабына;
- мүлккө ММБнүн «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» 2221 статьясын 8 870, 0 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү тарабына;
- мүлккө ММБнүн «Машиналар жана жабдуулар» 3112 статьясын 448, 4 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү тарабына.
Бардыгы: 10 818, 4 миң сомго көбөйтүлсүн.
Ø «Универсал» МИнын «Машиналар жана жабдуулар» 3112 статьясынан 3 850, 0 миң сомго азайуу тарабына кредит мүлккө ММБнүн «Имараттар жана курулуштар» 3111 статьясына 3850, 0 миң сом көбөйтүү тарабына жөнөтүлсүн.
1.3. Мүлккө ММБнүн (№ 8 Тиркемеде) кредиттеринин ичинен жылдырылсын төмөнкү статьялардан азайтылсын:
- «Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр» 2214 статьясынан 30,0 миң сомго азайтуу;
- «Медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алуу» 2217 статьясынан 100,0 миң сомго азайтуу;
- «Тамак-аш азыктарын алуу» 2218 статьясынан 100,0 миң сомго азайтуу;
- Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» 2221 статьясынан 1 200, 0 миң сомго азайтуу.
Бардыгы: азайтууга 1 430, 0 миң сом.
«Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» 2221 статьясын 1 430, 0 миң сомго көбөйтүүгө жөнөтүлсүн.
1.4.Кара-Балта шаарынын мэриясынын кредиттеринин ичинен «кварталдык комитеттердин төрагаларына” (№ 4 Тиркемеде) жылдырылсын:
- «Эмгек акы» 2111 статьясы 468, 0 миң сомго азайтуу;
- «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 статьясы боюнча 81,0 миң сомго азайтуу.
Бардыгы: 549,0 миң сомго.
«Универсал» МИсы боюнча «Эмгек акы» 2111 статьясы 468, 0 миң сомго, «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 статьясы 81, 0 миң сомго көбөйтүлсүн.
Бардыгы: 549, 0 миң сом.
2. Биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн планынын болжолдонгон ашыкча аткарылышына байланыштуу 15000,0 миң сом. пландан тышкары алынган каражаттарды:
2.1. Мүлккө ММБгө (№ 8 Тиркемеде):
- «Имараттар жана курулуштар» 3111 статьясына 5550, 0 миң сом өлчөмүндө;
- «Машиналар жана жабдуулар» 3112 статьясына 2205, 4 миң сом өлчөмүндө;
Бардыгы: 7755,4 миң сомго көбөйтүлсүн.
«Универсал» МИсына (№ 9 Тиркемеде)
- «Эмгек акы» 2111 статьясына 3000, 0 миң сом өлчөмүндө;
- «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 статьясына 517, 5 миң сом өлчөмүндө курулуш секторун реконструкциялоо ошондой эле жакшыртуу жана жашылдандыруу жумушчуларынын штатынын саны көбөйүшүнө байланыштуу;
«Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222 статьясына 965,7 миң сом өлчөмүндө.
Бардыгы: 4483,2 миң сомго көбөйтүлсүн.
2.2. “Манас” СТде (№ 4 Тиркемеде) «Кызматтык кыдырууларга чыгашалар» 2211 статьясына 250,0 миң сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн.
2.3. В.И. Ленина атындагы маданият үйүнө (№ 4 Тиркемеде) «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» 2215 статьясына 80, 0 миң сом өлчөмүндө жана «Ижара акысы» 2213 статьясына 10, 0 миң сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн.
Бардыгы: 90, 0 миң сомго.
2.4. ББФМКШБде (№ 4 Тиркемеде) “Алтын короз” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунун «Эмгек акы» 2111 статьясына 522, 9 миң сом жана «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 статьясына 90, 2 миң сом өлчөмүндө;
ББФМКБШКанын башкы аппаратынын «Эмгек акы» 2111 статьясына 978, 4 миң сом жана «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 статьясына 168, 8 миң сом өлчөмүндө;
Бардыгы: 1760, 3 миң сомго көбөйтүлсүн.
2.5. УАМС ардагерлеринин кеңеши (№ 6 Тиркемеде) «Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул» 2721 статьясына (коомдук иштерди уюштурууга чыгашалар) 161,1 миң сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн;
2.6. КБСК МИне (№ 4 Тиркемеде): насос сатып берүү үчүн Кара-Балта шаарынын мэриясынын «Каржылык ишканаларга субсидиялар» 2512 статьясына 500, 0 миң сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн.
3. 2022-жылдын башындагы № 6 тиркемеде бюджеттик сметадагы эркин калдык каражаттарынын эсебинен, "Универсал" МИсы жазылган сапттын экинчи тилкесиндеги "лизинг" деген сөз "машиналарды жана жабдууларды сатып алуу" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Корутунду бөлүгүнүн 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Манас» СТнын штаттык саны 78 (жетимиш сегиз) бирдик өлчөмүндө бекитилсин.
5. № 10 тиркемеде «Универсал» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине жана кызматтык маянасына ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүү киргизилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияна жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, КЭБге, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБге, Кара-Балта ш. мэриясына караштуу “КБСК” МИге.
Кеңештин төрагасы | М.К. Дуйшеналиев |