Редакцияот 17.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум

2022-жылдын 17-январы №18

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русландын Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүү боюнча баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүүгө макулдук берилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русланга байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңештин курамын жана жобосун иштеп чыксын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

К. Арапов