Редакцияот 05.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум

2022-жылдын 05-марты №30

Эски-Покровка Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында  таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Эски-Покровка “Таза-суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси М. Тилебердиевтин таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү баяндамасын,  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында да таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эски-Покровка “Таза-суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси М. Тилебердиевтин таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында да таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.

2.Жолдун боюндагы суу түтүктөрүнө-100, короосунда суу пайдалануучуларга-150 сомдон деп белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары:

Г. Токтомуратова