Редакцияот 14.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум

2022-жылдын 14-майы №32

Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп өзгөртүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулунун Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулуна милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрагаcы:

К.Арапова