Редакцияот 26.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги XI -сессиясынын (жетинчи шайланган)

2022-жылдын 26-февралы №7

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Депутаттар айылдык кеңештин жооптуу катчысы С. Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жаранды актыларды каттоо департаменти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо нун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы №27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү буйругунун негизинде аракеттенген директор Э. Эсеналиева менен Кашкар-Кыштак айыл өкмө түнүн башчысы Маматов Руслан Номанович менен түзүлгөн келишимди бекитүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 берилген ыйгарым мамлекеттик укуктарын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү токтомуна ылайык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-үнө (Рахматов Р) – келишиминде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жооптуу катчыны материалдык жана финансылык жактан колдоо камсыз кылынсын.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисин жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.

4.Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын алдындагы Калкты жана граждандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов

Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) 2022-жылдын 26-февралындагы XI -сессиясынын № 7 токтому менен бекитилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө

1.Келишимдин тараптары

 1.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш туу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын акты ларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү 2019-жыл дын 30-сентябрындагы № 238 буйругунун негизинде аракеттенген директор М. К.Пратова нын атынан, бир тараптан жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, мындан ары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу, Уставдын негизинде аракеттен ген Маматов Руслан Номанович экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Жарандык актылардын абалы жөнүндө”, “Жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө-гү” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2.Келишимдин негизи

 2.1. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-дека брындагы № 175 “Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттер- дин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” токтому- на ылайык Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет.

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга доку менттерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык даярдалган пас портту берүү;

- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

- баланын туулагндыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу бөлүк берүү;

- никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;