КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели № 4
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56 буйругу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы М. Маматалиевдин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентти гинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56 буйругуна тиркемесиндеги жергилик- түү каеңештин типтүү регламенти жөнүндө билдирүү жасап, депутаттардын кызуу талкуусунан кийин, айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдуктарын беришкенден кийин Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекет тик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекет тик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы “Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” № 56 буйругу аткарууга жана жетек- чиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Агенттик тарабынан иштелип чыккан Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин типтүү регламентине өзгөртүүлөрү менен типтүү регламенти бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын жана ушул типтүү регламентти жетекчиликке алуу менен иш алып баруу айылдык кеңештин турук туу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |
Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин 2022-жылдын 9–апрелиндеги № 12-сессиясынын № 4 токтому менен бекитилди
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишинин негиздери
II Бөлүм. Депутаттык фракциялар
III Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу
IV Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши. жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
V Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибиф
VI Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап
VII Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
VIII Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин аппараты/жооптуу катчысы
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекет тик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жерги ликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депу таттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республи касынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1 Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши (мындан ары жергиликтүү кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабы нан 4 жылдык мөөнөт кө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйында ры, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.