Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты №9

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн «Таза-суу-Тазалык» ишканасынын 09.03.2022-ж. кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн «Таза-суу-Тазалык» ишканасынын 09.03.2022-жылдагы «2022-жылга таштандыларга чыгарууга тарифтерди бекитип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан айылдарга таштандыларды чыгаруу үчүн тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер:

- Беш-Бала, Сафаровка, Октябрь 1,2,3 айылдарына -100 сом;

- Кедей-Арык, Багыш, Кызыл-Туу айылдарына -150 сом;

- Багыш айыл ѳкмѳтүнүн борборунда жайгашкан 20 дүкѳн жана ишканаларга – 200 сомдон бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Багыш айыл ѳкмѳтүнүн «Таза-суу-Тазалык» ишканасынын жетекчиси З.Алимбековго жүктѳлсүн.

3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Тѳрага

Ж.Сейдахматов