Редакцияот 12.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын

2021-жылдын 12-майы №1

Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттарына депутаттык күбөлүгүн жана төш белгилерин тапшыруу жөнүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги №151-чечими жана Лейлек АШКнын 2021-жылдын 07-майындагы №87-чечиминин негизинде Лейлек Аймактык Шайлоо Комиссиясынын төрагасы А.Рахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.   Лейлек Аймактык Шайлоо Комиссиясынын төрагасы А.Рахмановдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.   КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги №151-чечими жана Лейлек АШКнын 2021-жылдын 07-майындагы №87-чечиминин негизинде көрсөтүлгөн атуулдар Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттары болуп дайындалсын.(тиркеме тиркелет).

3.   Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттарына адилеттүү,мыйзам чегинде иш алып баруу жүктөлсүн.

4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

 

Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Р.Саматов