Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 10-февралы №12/1

Чүй айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата социалдык -экономикалык өнүгүү программасы тууралуу

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековдун 2022-жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы тууралуу маалыматын угуп, сунушталган долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 -беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чүй айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын долбоору кабыл алынсын жана бекитилсин.(1-тиркеме).

2.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго 2022-жылга карата кабыл алынган жана бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу иши милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.

 

Төрага

Р.Алиев

“БЕКИТЕМИН”                                                                                                                                      “МАКУЛДАШЫЛДЫ”

Чүй айыл кенешинин төрагасы                                                                                                     Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы

_____________ Р.А.Алиев                                                                                                                   ____________ С.Ж.Сулайманов

Чүй айыл өкмөтүнүн 2022 жылга карата түзүлгөн Чүй айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы 5 негизги багытты өзүнө камтыйт:

Жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу;

Социалдык сектор;

Капиталдык курулуш;

Маданият жана спорт;

Өзгөчө кырдаалдарды жоюу.

1.Экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу

№

Тапшырма

Натыйжасы

Суммасы

Убактысы

Жооптулары

1

Чүй айыл өкмөтүндөгү трансформация болгон жерге жеке ишкерлерге жаңы иш кана ачууга шарт түзүү

Кошумча киреше булагы пайда болот

 

2022-2025-

 

Таалайбеков Тиленов

Медербек уулу

Джумадилова

Пенкина

2

Киреше салыктарын жана ижара акыны тартиптештирүү

Салыктар Өз убагында аткарылат

 

2022-2025

 

Сансызбаева

Дюшеева

Джумагулов

___________ С. Джанузакова                         __________ А. Абдылдаева                 ___________ Р.Солтобаев

___________ Б. Кыдырбаев                            __________Э. Жаныбеков                               

2.Өндүрүштармагы

1

Айыл өкмөттүн аймагындагы жерлерге чакан мал сойуучу жана цехтерди ачуу

Кошумча киреше жумуш орундар пайда болот

ЖБ

РБ

2022-2025

 

Айыл өкмөтү