Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 10-февралы №12/3

Чүй айыл өкмөтүнүн 2021 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2022 – жылга колдонуу тууралуу

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а К. Джумадилованын маалыматын угуп жана 2021– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2022 – жылдын 1 – январына карата жергиликтүү бюджетинен 9000,0 мл сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 – бөлүмчөсүнө ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин.

Турмуш-тиричилик бөлүмү          

3111 “Имараттар жана курулуштар”                                                           9000,0 мл сом

Баардыгы:                                                                                          9000,0 мл сом.

Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Алиев