Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын IV-сессиясы 

2021-жылдын 24-августу № 33

Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтомун бекитүү боюнча

Сары-Булуң айыл аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтомун депутаттар карап чыгышып Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезекcиз чакырылышынын IV-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.Сары-Булуң айыл аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтому бекитилсин. (Тикеме тиркелет)

-Сары-Булуң айыл аймагынын айыл-кыштакты кеңейтүү үчүн төмөндөгү участкалардагы контурлар боюнча (трансформациялоо) которулсун:

-Суу баскан аянт боюнча -27 гектар

·        Сары-Булуң участкасынан суу баскан аянттан №1014.1015.1162 конурдагы.

-Таза жайыт боюнча- 23 гектар.

·        Дүпкүр участкасынан – 4 гектар. №1246, 1247 конурдагы таза жайыт.

·        Таш-Арык участкасындагы – 4 гектар №751 контурдагы таза жайыт.

·        Кара-Талаа участкасындагы -15 гектар №189 контурдагы таза жайыт.

Жалпы 50-гектар жер айыл кыштакты кеңейтүүгө берүүгө жатат.

 

2.Айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жогоруда аталган жерлер (трансформациялоо) которулсун жана иш кагаздарын даярдап жогорку тийиштүү уюмдарга берүү жагы Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге жүктөлсүн.

3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жоопту катчысына милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзомолдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы

Эпээва В.М.