Редакцияот 07.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын V-сессиясы

2021-жылдын 7-сентябры № 34

Участкалык шайлоо комиссияларынын резерв курамдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү боюнча тизмелерди карап чыгышып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VII- шайланышынын кезекcиз VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын V –сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын №2088 Табылгыты участкалык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн курамдары жана резервдеги адамдары менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы

Эпээва В.М.