Редакцияот 21.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2020-жылдын 21-декабры № 14

Жайыл айыл аймагынын территориясында “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Эрежесин” бекитүү тууралуу

“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна, “Мүлккө муниципалдык менчик боюнча” Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37-Мыйзамынын 19 жана 20 беренелеринин негизинде, Жайыл айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1. Жайыл айыл аймагынын территориясында “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Эрежесин” бекитилсин.

2. Жайыл айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Жайыл айыл аймагында муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ишинде ушул Эрежени жетекчилик кылышсын.

 

Төрага

А.Меркибаев