Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 12-октябры № 48

Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишкананын Уставы , штаттык бирдигин жана айлык акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-8-пунктарына ылайык жана күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, Талас районунун Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

2.Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын штаттык саны жана айлык маянасы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап 2022-жылдын 1-апрелине чейин түзүлгөн штаттык бирдигине ылайык бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет);

3. 2021-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 31-декабрына “КалыстыкМ.Т.С” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысы 297815(эки жүз токсон жети миң сегиз жүз он беш сом) акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

2022-жылдын 1-январынан баштап 31-мартына чейин “КалыстыкМ.Т.С” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысы 446721(төрт жүз кырк алты миң жетижүз жыйырма бир ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылда түзүлгөн бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башсчысы С.Бекназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Осмонов

 

 

 

Тиркеме№ 1

 

“БЕКИТЕМИН”

Бекмолдо айылдык кенешини

“12 ”октябрь 2021жылдын №48

Бекмолдо айылдык кенешинин төрагасы

_____________________С.Осмонов

“МАКУЛДАШЫЛДЫ”

“12”октябрь 2021-жыл

Бекмолдо айылдык аймагынын

башчысы

__________________С.Бекназаров

 

 

Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейин түзүлгөн

ШТАТТЫК БИРДИГИ

№к/н

 

Кызматтардын аталышы

бирдик

Кызматтык оклады тариф

(сом)

1айга эмгек акысы (сом)

Соц.фонд. чегерүү

17,25%

Баардык сумма

(сом)

01.11.2021ж

31.03.2022ж

(сом)

1

Жетекчи

1

20000

20000

3450

23450

117250

2

бухгалтер

1

16000

16000

2760

18760

93800

3

Башкы механих

1

16000

16000

2760

18760

93800

4

механик

6

10000

60000

10350

70350

351750

5

каролчу

2

7500

15000

2587

17587

87935

 

Баардыгы

11

69500

127000

21907

148907

744,535

“Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын жетекчиси:

А.Сагыналиев