Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 12-октябры № 53

Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Иманалиев Улукбектин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Иманалиев Улукбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын түштүк тарабында жайгашкан чөйрө сызыгы №847 0,7га жана №878 1,3га, жалпы аянты 2,0га жер тилкесин көрктөндүрүүгө бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Осмонов