Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 12-октябры № 55

Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Калдыбеков Максат Нуржановичтин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Калдыбеков Максаттын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын чыгыш тарабында №890 чөйрө сызыгында жайгашкан 600квм2 жер тилкесин там салууга бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Осмонов