Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 12-октябры № 56

Бекмолдо айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Орозбеков Бактыбектин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Орозбеков Бактыбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кенеш айылынын тургуну Орозбеков Бактыбектин Кенеш айылындагы Шейшен №9 өзүнүн жашап жаткан үйүнүн ашыкча жер тилкесин там салганга бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Осмонов