Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2021-жылдын 12-октябры № 70

Бекмолдо айыл аймагындагы “Жакып Молдосан” атындагы бала бакчанын жетекчисинин милдетин аткаруучу С.Токторбаеванын кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагындагы “Жакып Молдосан” атындагы бала бакчанын жетекчисинин милдетин аткаруучу С.Токторбаеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2.”Жакып Молдосан” атындагы бала бакчага 7 тонна көмүр отунун алып берүүгө 45500 (кырк беш миъ беш жүз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.Өрт коопсуздугу үчүн 5даана өрт өчүргүч(огнетушитель) алып берүүгө 8000(сегиз мин)сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

4.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Осмонов