Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясы

2020-жылдын 18-февралы № 3

“Ак-Тоок айылынан Кашка-Суу, Жазы-Кечүү жана Талпак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Кашка-Суу айылына курулуучу аба чубалгысы ВЛ-10кВ электр линиясын тартуужөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтү Көк-Арт РЭТнин кайрылуусун менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыз-Көл айыл өкмөтунө караштуу Ак-Тоок айылынан Талпак жана Жаз-Кечүү айылдарынын тургундарын электр тогу менен камсыз кылуу максатында Ак-Тоок айылдарын аралап өткөн 3.1 км аралыктагы жолдун четине ВЛ-10кВ электр линиясын тартууга макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин.

 

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.Осмоналиев