Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясы

2020-жылдын 18-февралы № 8

«Кыз-Көл айыл аймагына караштуу 5812га жайыт жер аянтын баланска алуу жөнүндө»

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 18-февралдын кезектеги экинчи сессиясында жайыт комитетинин төрагасы: М.Сооронбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр токой чарбасы пайдаланып келе жаткан 5812га жайыт жер аянтын Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2.    Керектүү иш кагаздарын даярдап, тактап тиешелүү органдарга берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Сооронбаевге милдеттендирилсин.

3.    Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго жүктөлсүн.

 

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.Осмоналиев