Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясы

2020-жылдын 18-февралы № 13

“Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылынын тургундарынын жыйналышынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылынын тургуну, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбекке Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2.    Ардактуу атуул берүү боюнча керектүү материалдарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы соц.адиси М.Кадыровго жүктөлсүн.

3.    Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Осмоналиевке милдеттендирилсин.

 

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.Осмоналиев