Редакцияот 12.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги III сессиясы

2020-жылдын 12-марты № 3

«Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылына майда мал Жандыктарына жуутка (купка) салуу Үчүн №1523 контурдагы жер аянтынан 0,20с жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө»

Кыз-Көл айыл аймагынын тургундарынын атынан биздин мал жандыктарыбыздын ден соолугун жакшыртуу үчүн жуутка (купка) салып берүүңүздөрдү суранабыз, элдин кайрылуусун угуп, айылдык кеңештин депутатары талкуулап. Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыз-көл айыл аймагына караштуу Кашка-терек айылына майда мал жандыктарына жуутка ( купка) салуу үчун № 1523 контурундагы жер аянтынан 0,20 с жер аянтын бөлүнүп берилсин.

2.    Жерди бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси : А. Орозалиевге милдеттендирилсин.

3.    Керектүү иш кагаздарын даярдап, тактап,берүү жагы Ак-Тоок айылынын вет врачы : Н. Арзыкуловго тапшырылсын.

4.    Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн орун басары: М. Супатаевке жүктөлсүн.

 

Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:

       Ж.Калимбетов