Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын

2021-жылдын 16-марты № 182

Чолпон-Ата айыл аймагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейдин куурап калган бак- дарактарын кыюууга уруксат берүү жөнүндө

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 33-сессиясы карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Чолпон-Ата айыл аймагынын Мазар-Суу айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин куурап калган бак-дарактарын кыйып тазалоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын 2020-жылдын 09.12-айындагы № 01-06/1512 чыгыш катынын негизинде куурап калган бак-дарактарды кыйып тазалоого уруксат берилсин.

2.    Кыйылган бак-дарактардын акча каражатын музейдин ички жана тышкы ремонтторуна жумшап иш алып баруу жагы музейдин жетекчиси Жаманкулова Айнурага милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко тапшырылсын.

 

4.    Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.