Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын

2021-жылдын 16-марты № 184

Маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымын Чолпон-Ата - 2 насостук станциясына ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылынын тургуну маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымын Чолпон-Ата - 2 насостук станциясына ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 22.02.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 2 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Чолпон-Ата айыл аймагынадагы Чолпон-Ата -2 насостук станциясына маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымы ыйгарылсын.

2.    Ысымын ыйгаруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Асакеевке милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын

 

4.    Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.