Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын

2021-жылдын 16-марты № 186

Жер участогуна ысым ыйгаруу жөнүндө

Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылынын тургуну маркум Абдиев Кемердин ысымын Мазар-Суу айылындагы Абдиев Ырысбектин өзүнө тиешелүү жер участогуна кыргыздын улуттук оюну көк-бөөрүү ойноочу тай казанга айлантып “Кемер ата” ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 13.03.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 3 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Мазар-Суу айылындагы Абдиев Ырысбектин өзүнө тиешелүү жер участогуна кыргыздын улуттук оюну Көк-бөөрүү ойноочу тай казанга маркум Абдиев Кемердин ысымы “Кемер ата” ысымы болуп ыйгарылсын.

2.    Ысымын ыйгаруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Асакеевке милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.