Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын

2021-жылдын 3-февралы № 175

Казатов Жынжырбектин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылынын тургуну тылдын жана эмгек ардагери маркум Казатов Жынжырбектин ысымын көчөгө ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 28.01.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы бир көчөгө маркум Казатов Жынжырбектин ысымы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын

 

3.Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.