Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын

2021-жылдын 3-февралы № 176

Абдыкалыков Теңизбектин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Чолпон-Ата айылынын Саз Жийде участкасында жашап өткөн дыйкан, совхоздун иштерине активдүү катышкан маркум Абдыкалыков Теңизбектин ысымын көчөгө ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Чолпон-Ата айылынын тургундарынын 02.02.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.Чолпон-Ата айылынын Саз Жийде участогуна маркум Абдыкалыков Теңизбектин ысымы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын

 

3.Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.