Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 , 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салат.
1.2. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары (мындан ары - коож) өздөрүнүн иш-аракеттеринде "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, буйруктарын жана башка ченемдик-укук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Коождордун негизги милдеттери:
а) адамдын интеллектуалдык, маданий жана адеп-аклектик талаптарын кесиптик орто билим алуу жолу менен канааттандыруу;
б) коомду кесиптик орто билимдүү адистер менен камсыз кылуу (канааттандыруу);
в) окуп жаткандарга жарандык позициялар менен эмгекчилдикти (мээнеткечтикти), жоопкерчиликти, өз алдынчалыкты жана чыгармачылык активдүүлүктөрүн калыптандырууну камсыз кылуу;
г) коомдун адеп-аклектик жана маданий байлыктарын сактоо жана көбөйтүү кирет.
1.4. Коождордун төмөнкүдөй:
техникум (окуу жайы жана адисдештирилген коождор) - базалык деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу кесиптик орто окуу жайы;
колледж - базалык жана жогорулатылган деңгээлде кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу кесиптик орто окуу жайы сыяктуу түлөрү белгиленет.
1.5. Кесиптик орто окуу жайынын аталышы аны түзүүдө белгиленет, кайра уюштурууда же аккредитациялоодо өзгөрүп кетиши жана адистерди даярдоонун профили менен түрү, уюштуруучулук-укуктук формасын сактоого көрсөтмө болууга мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)