Редакцияот 03.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясынын

2020-жылдын 3-ноябры № 165

Социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономика министирлигинин 15-май 2010-жыл № 63 А жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 16 май 2018-ж № 01-18-/56 бйруктарын аткаруу үчүн Чолпон-Ата айыл аймагынын 2019-2023-ж социалдык экономикалык өнүгүү программасы Методиканыны негизинде иштелип чыккан жана бул программаны бекитүү үчүн туруктуу комиссиянын чечимин, депутатардын сунунш пикирлерин угуп талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 29-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чолпон-Ата айыл аймагынын 2019-2023-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүү программасы жактырылып бекитилсин.

2.Өнүгүүгө багытталган Программанын аткарылышын айыл өкмөткө тапшырылсын.

 

3.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

Ө.Жаманкулов.