Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

2021-жылдын 27-сентябры № 38

Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына тиркемеге ылайык өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.

2.Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына киргизилген өзгөртүү, толуктоолор боюнча талапка ылайык иш алып барылсын.

3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.

5.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы

Т.Токтоболотов

 

БЕКИТЕМ

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIIIчакырылышынын)

кезектеги IV сессиясынын № 38 токтомуна тиркеме 27. 09. 2021-ж

 

 

Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолор

 

 

№

Маселелер

Индикатордун аталышы

Олчоо бирдиги

Ишке

Ашыруу

мооноту

Жыйынтыктоо

Индикатордун

корсоткучу

Каржылоо булагы

Аткарууга

жооптуулар

1

Жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү программасынын алкагында таштанды чыгаруу ишин жандандыруу

«Тазалык «МИсынаакчакаражаттанжардамберуу

Сибсидияберуу 150мин сом

2021-ж

Эл талабы

Жергиликтүү бюджет.

А/өкмөт.

 

«Тазалык»МИсынаассенизторавтоунаасын

алыпберуу

2800мин сом

2021-ж

Инфраструктурасыжакшыртуу

Онуктуруу

фонддон

А/окмот

« Тазалык» МИсына таштанды ташуучу автоунаа МТЗ-82 ковшасы жанаТелешкасыналуу.

180мин сом

2400 мин сом

2021-ж

Тазалыккашарттузуу

Райондуконуктуруу фонд.

«Онуктуруусаясат институту» коомдукбирикме.

А\окмоту

Долбоор аркылуу алынган техникага атайын корголуучу аянтча даярдоо

450000

2021-ж

Таза Кызмат МИ сына шарттузуу

Жергиликтүү бюджет.

Айылөкмөт,

Муниципалитеттер аралык кызматташтык жонундо келишим тузуу.

 

2021-ж

Таза Кызмат МИ иш алып баруусуна комоктошуу.

 

Айылөкмөт,

Кызмат алуучулар менен абоненттик келишимдерди тузуу. Таштанды чыгаруу кызматын корсотуу

 

2021-ж

Таза Кызмат МИ иш алып баруусуна комоктошуу.

 

Таза Кызмат МИ

Кызмат корсотуунун сапатына коомдук мониторинг.

 

2021-ж

Таза Кызмат МИ иш алып баруусуна комоктошуу.

 

Айылөкмөт,

2

Айыл чарбасын онуктурууго айыл чарба техникаларын алуу.

Ченг-Гонг 950 К погрузчигин,Комбайн,

ЭксковаторR150W-9 техникаларыналуу.

23000000

2021

Эл талабы

Жалал-Абадобластыконуктуруу фонд аркылуу

 

Айылөкмөт,

3

Айылдын инфраструктурасын онуктуруу

Ж.Кыдыров атындагы муниципалдык парктын инфраструктурасын онуктурууго ПСД тузуу

40000

2021-

Инфраструктурасыжакшыртуу,айыличинкорккокелтируу.

Жергиликтуу бюджеттен

Айылөкмөт,

4

Курулуш тармагы

Кадыркулов,Бектен кочолорунун аллеяларын ички ирригациясы менен куруу.

 

2021-ж

Инфраструктурасыжакшыртуу,айыличинкорккокелтируу.

Жергиликтуу бюджеттен

Айылөкмөт,

 

 

Каргалык айыл окмотунун башчысы:

Э.Артыкбаев.