Редакцияот 12.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОК-ОЙРОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 12-октябры № XXX/05-13

“Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бɵлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145  “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ” Мыйзамын,Кыргыз Ɵкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-матрындагы №169 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо)тартиби жɵнүндɵгү убактылуу Жобосун жетекчиликке алып

Токтом кылат:

1.Көк-Ойрок айыл аймагынын Тегирменти суусунун Чоң-Кемин суусуна куя бериш жердеги жайытынан жалпысы 1,34 га  “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт ) категориясынан тɵмɵнкү жер тилкелери “Өнөр жайынын,транспорттук,байланыштын,коргонуунун,жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына трансформациялоого уруксаат берилсин.

 

№

Контур

Жалпы аянты (га)

Колдонуулучу аянт (га)

1

1211-жайыт

7,2

0,94(муниципалдык менчикке)

2

1237-жайыт

30,1

0,40(муниципалдык менчикке)

 

Жалпы :

1,34 га

 

2. Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жерди которууга (трансформациялоо) тийиштүү документтер жɵнɵтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.

 

Төрага

Шейшенбеков А.