Редакцияот 18.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

2020-жылдын 18-декабры № 95

200 гектар  турак жайдын  жана  50 гектар  өнөр-жай  курулуштарын  куруу үчүн  трансформатция  кылуу  программасы  жөнүндө

Ак-Татыр  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Ак-Татыр  айылынын  батыш тарабынан  атуулдарга  турак  жай  куруу  үчүн  200 гектар,  жана өнөр  жай курулуштарын  куруу  үчүн  50 гектар ,  жер участогуна  түзүлгөн  программасын  угуп  жана  талкуулап  чыгып,  айылдык кеңешинин сессиясы Токтом кылат

 

1.   Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу атуулдарына турак жай куруу үчүн,  Ак-Татыр айылынын батыш тарабынан, 200 гектар жер аянты, контр №404 кургак сай 5,4 га, контр №55 таштуу жайыт 6,7 га, контр № 443таштуу жайыт 7,8 га, контр№ 439 таштуу жайыт 0,4 га, контр № 83 таштуу жайыт 55,3 га, контр № 412 таштуу жайыт 22,0 га, контр № 416 таштуу жайыт 2,2 га, контр № 639 таштуу жайыт 17,2 га, контр № 410 таштуу жайыт 9,6 га, контр № 409 таштуу жайыт 18,5 га, контр № 406 таштуу жайыт 0,9 га, контр № 646 таштуу жайыт 2,1 га, контр № 647 таштуу жайыт 0,6 га, контр № 648 таштуу жайыт 0,7 га, контр № 649 таштуу жайыт 7,3 га, контр № 650 таштуу жайыт 1,5 га, контр № 651 таштуу жайыт 7,7 га, контр № 652 таштуу жайыт 1,3 га, контр № 653 таштуу жайыт 12,5 га, контр № 654 таштуу жайыт 5,7 га, контр № 655 таштуу жайыт 0,9 га, контр № 94 таштуу жайыт 9,3 га, контр № 85 таштуу жайыт 2,0 га, контр № 415 таштуу жайыт 1,5 га, контр № 96 таштуу жайыт 0,9 га.

Өнөр жай курулуштарын курууга Ак-Татыр  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Ак-Татыр  айылынын  батыш  тарабынан,  50 гектар жер аянты, контр № 932 таштуу жайыт 3,1 га, контр № 933 таштуу жайыт 4,3 га, контр № 934 таштуу жайыт 1,4 га, контр № 935 таштуу жайыт 1,5 га, контр № 468 таштуу жайыт 11,0 га, контр № 469 таштуу жайыт 14,6 га, контр № 495 таштуу жайыт 0,6 га, контр № 494 таштуу жайыт 0,2 га, контр № 497 таштуу жайыт 1,3 га, контр № 496 таштуу жайыт 1,3 га, контр  № 492 таштуу жайыт 1,3 га, контр № 491 таштуу жайыт 3,9 га, контр № 490 таштуу жайыт 5,5 га,  жалпы  250,0  гектар  жер  участогуна  түзүлгөн  программасы бекитилсин.

2.    Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Ибраим уулу Т.

 

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

Бекитем  Ак-Татыр айылдык кеңешинин төрагасы:__________ Ибраим у Т. “____ “___________ 2020-жыл.

 

 

 

 

Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын  XV сессиясынын № 95 сандуу токтому менен бекитилген стратегиялык өнүгүү планында “Калктуу конуштарды” кеңейтүү боюнча жана жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуу ПРОГРАММАСЫ:

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына Ак-Татыр ,Рават жана Орто-Боз болуп үч айылдан турат.Жалпы калктын саны 8131.Калктуу конуштарды кеңейтүү максаты  2011-жылдан бери айыл өкмөт тарабынан жер участкасы берилген эмес. Айыл өкмөтүнүн жайгашканы боюнча тоолуу, суугат айдоо жери аз, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылыга Кыргыз өкмөтү тарабынан чек ара аймагындагы айыл статусу берилген. Азыркы учурда Ак-Татыр айыл өкмөтүнө кайрылган адамдардын саны 1300 жакын адамды түзөт.

Ак-Татыр айыл аймагынын “Орто-Боз, Ак-Татыр жана Рават” кыштоосу жалпы  2800 га анын ичинде  200 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы “ жерлердин категориясынан  “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу менен жаңы калктуу конушка  200 га жер аянтын  турак-жай менен камсыз кылууну пландоодобуз.

Жайыт жер айыл өкмөтүнүн борборунан  3км аралыкта жайгашкан, түштүк тарабынан Ак-Сай айыл өкмөтү, түндүк тарабынан Самаркандек айыл өкмөтү менен чектешет. Баруучу жолу “Ош-Баткен-Исфана” авто жолу, ичүүчү жана суугат суусу жок, 4 скважина казуу иштери жүргүзүлүшү керек.

Жогорку чыңалуудагы электр линиясына 1000 м аралыкта, унаалардын баруусуна Ак-Татыр-Рават авто жолу менен барышат.

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы:  

 

К.Нурмаматов