Редакцияот 23.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XVII сессиясынын

2022-жылдын 23-ноябры № 110

Муниципалдык менчиктеги имарат жайгашкан жерди бөлүү жөнүндө

Кара-Талаа айылындагы муниципалдык менчиктеги имарат жайгашкан жерди экиге бөлүп пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Талаа айылындагы Р. Ажыбаева №24 дарегинде жайгашкан 2-04-09-1002-0799 иден. Коду менен катталган,  муниципалдык менчиктеги жер участогун  экиге бөлүүгө жана административдик имараттын пайдалануу багыты машыгуу жана гимнастика борбору болуп өзгөртүүгө  макулдук берилсин.

2.Кара-Талаа айылындагы муниципалдык менчиктеги жер участогун экиге бөлүү  иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Соконовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

 

А.Жолалиев