Редакцияот 19.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы

2022-жылдын 19-июлу № 3

Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинде жер салыгына каралып бекитилген 1093,7 миң сом планынын ордун толуктоо боюнча бюджеттик жоготуулардын негизинде  Республикалык бюджеттен келген 382, 8 миң сом акча каражатын бекитүү үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

 

1. Жер салыгы боюнча жоготуларды толуктоо максатында Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 382,8 миң сом акча каражаты “Турак-жай комуналдык кызматтар” 70629 разделинин 3112 статьясына чегерилсин.

2. Жогорудагы көрсөтүлгөн сумманы чегерүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Айткуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

  Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Салимов