Редакцияот 19.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара Суу районунун  Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги

ХIV сессиясы

 

2022-жылдын 19-сентябры № 10

Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9-айында аткарган иштеринин жыйынтыгынын негизинде бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Сарай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн иштетилбей калган акча каражаттарын башка разделдерге жылдыруу үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн  башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сарай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70111 разделинин 2111-статьясына  бекитилген 100000 сом; 2214-статьясына бекитилген 10000 сом; 2218-статьясына бекитилген 294000 сом; 2221-статьясына бекитилген 51900 сом; 2222-статьясына бекитилген 39000 сом, 2224-статьясына бекитилген 15000 сом. Жалпы 509900  сом акча каражаты кыскартылып,   70111 разделинин 3112-статьясына которулсун.

2. Сарай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн  70911 разделинин 2221-статьясына  бекитилген 30000 сом; 2224-статьясына бекитилген 120000 сом. Жалпы 150000 сом акча каражаты кыскартылып,  70911 разделинин   3112-статьясына которулсун.

3. Сарай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70429 разделинин 3112-статьясына  бекитилген 382000 сом акча каражаты кыскартылып, 70911-разделинин  3112-статьясына 382000 сом акча каражаты которулсун.

4. Сарай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн   70921 разделинин 2212-статьясына  бекитилген  80000 сом; 2221-статьясына бекитилген 162600 сом,  2222-статьясына бекитилген 77900 сом; 2224-статьясына бекитилген 145000 сом. Жалпы 465500 сом акча каражаты кыскартылып, 70921 разделинин 2215-статьясына которулсун. 

5. Сарай айыл  өкмөтүнүн   2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70825  разделинин 2215-статьясына  бекитилген  500000 сом акча каражаты кыскартылып, 70629-разделинин 2511-статьясына которулсун.

6. Сарай айыл өкмөтүнүн   2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн  70629 разделинин 3111-статьясына  бекитилген 7000000 сом  акча каражаты кыскартылып, 70629-разделинин 3112-статьясына которулсун. 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы   туруктуу бюджеттик  комиссиясына жүктөлсүн.

8. Бул токтомдун  аткарылышы  Сарай айыл  өкмөтүнүн ФЭБнүн  башчысы Н.Айткуловго  милдеттендирилсин.

  

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Салимов