Редакцияот 04.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Шарк айылдык Кеңешинин VII шайланган кезектеги  ХII сессиясы

 

2022-жылдын 4-ноябры № 5

“Шарк айыл аймагында Бабалашкар участогунда мүрзөго бөлүнгөн  №258 жана №259 контурларындагы участокторду алмаштыруу жөнүндө”

Бабалашкар айылынын тургундарынын арызынын негизинде жана Шарк айылдык өкмөтүнүн башкы жер адиси берген (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) маалыматын эске алып, Бабалашкар участкасындагы 5,0 га жер аянты мүрзө куруу үчүн ошол жерден  №258 контурунан 1,75 га, №259 контурда 3,25 га жер аянты жалпы 5,0 га жер аянты  бөлүнгөн, бирок бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын суроо талабы жана кайрылуусу менен №259 контурундагы №3,25 га жер аянты №258 контуруна которуп, ал эми №258 контурундагы жер үлүштөрүн №259 контуруна которуу боюнча, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

Токтом кылат:

            1.Шарк айыл аймагындагы Бабалашкар участогунда мүрзөго бөлүнгөн  №258 жана №259 контурлардагы участокторду алмаштыруу боюнча иштерди жүргүзүлүшү бекитилип берилсин;

2. Аталган жерлер боюнча которууга тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү  даярдоо Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

3. Тиешелүү башкы планга (Ген план) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштери Шарк айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине жүктөлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” турукту комиссиясына тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин  төрагасы:

С.Абзалов