Редакцияот 04.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган)  кезектеги  ХII сессиясы

 

2022-жылдын 4-ноябры № 8

“Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291  Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби  жөнүндөгү токтомун жана  Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Шарк айыл аймагында жайгашкан кайра болуштуруу фондусунун эсебиндеги жалпы аянты 62,55га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө №1 токтомун, Шарк айылдык Кеңешин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

Токтом кылат:

 

1.     Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291  Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык иш чараларды так алып баруу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Батыровко жүктөлсүн.

 

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык кеңешинин  төрагасы:

С.Абзалов