Редакцияот 15.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

2021-жылдын 15-майы № 1

Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясын өткөруу жөнундө

 

«Жергиликтуу кенештердин депутаттарын шайлоо жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлугунө ылайык Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 08.05.2021-жыл №16 -чечиминин №6-тиркемесинин Бирлик 11 мандаттуу шайлоо округу боюнча Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги1-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясына катышкан депутаттардын жашыруун жабык добуш беруусунун жыйынтыгы менен Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин төрагасы болуп Жакыпов Рысбек Анарбекович шайлансын.

13.09.1988-жылы туулган, улуту кыргыз, билими-жогорку азыркы учурда З.Эгембердиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

2. Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп Кемелбаева Гулзаада Нарботовна шайлансын. 17.11.1981-жылы туулган, улуту кыргыз, билими атайын орто, азыркы учурда иштебейт.

 

 

Айылдык кеңештин жашы курагы боюнча улуу депутаты:

Чекирова Ч.