Редакцияот 29.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 29-апрели №7-8

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 29-апрель 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагында зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·         Мусаева Уулкан-Сузак райондук төрөт бөлүмүнүн акушеркасы;

·         Стамова Асылгуль-Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин химия мугалими жана социалдык педагогу;

·         Кыдыкеева Гулсарахан- О. Муратов атындагы орто мектебинин чет тили мугалими жана социалдык педагогу;

·         Болушева Чолпонай-Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин математика мугалими;

·         Баймуратова Бактыгул-Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин директору, айылдык кеңештин депутаты;

·         Аданова Бүсайра-Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

·         Бегимкулов Сартбай -Ак-Терек айылынын тургуну, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун айдоочусу;

·         Карабеков Алманбек -Кыргыз Республикасынын ӨКМ ардагери, полковник;

·         Жаниев Мухаматали -Кыргыз Республикасынын КК ардагери, полковник;

·         Жээнбеков Нематила -Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы;

·         Кадыркулов Урматбек-жеке ишкер, Орто-Азия айылынын тургуну

·         Чойбекова Жылдызкан-айылдык кеңештин жооптуу катчысы;

·         Төрөбекова Чолпонай-айылдык кеңештин депутаты;

·         Сеитов Медербек-айылдык кеңештин депутаты;

·         Кыдыралиев Мирланбек-айылдык кеңештин депутаты;

2.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т.Джороев