Редакцияот 23.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы

 

2022-жылдын 23-декабры № 12-1

“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун  негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:

-       Борбуев Эгенберди Ажиманович-Шатрак айылынын тургуну, ветеринардык врач

-       Токонов Тынычбек-Шатрак айылынын тургуну, А.Матиев атындагы орто мектебинин химия мугалими, билим берүү тармагынын ардагери

2.     Жогорудагы жарандарды Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 Төрага

Т. Джороев