Редакцияот 23.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы

 

2022-жылдын 23-декабры № 12-2

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ” ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·         Эрмекбаева Бермет-№94 Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин китепканачысы;

·         Халмурзаева Абида-№30 Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин китепканачысы;

·         Мурзакматова Райкан-Кызыл-Сенир айылындагы “Достук” балдар бакчасынын кароолчусу;

·         Жокобаева Санархан-К. Эрматов атындагы лицей-жатак мектебинин тарбиячысы;

·         Жаниев Каныбек-№86 О. Муратов атындагы орто мектебинин тарых мугалими жана социалдык педагогу;

·         Сыргабаев Жумалы-Таштак айылынын тургуну, жеке демөөрчү;

·         Сатывалдиева Жамила-Кызыл-Сенир айылынын тургуну, билим берүү тармагынын ардагери;

·         Абдраимов Таалайбек-Алмалуу-Булак айылынын тургуну, “Бастион”кузөт детективдик агентствонун жетекчиси

·         Омуралиев Мирбек-Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 Төрага

Т. Джороев