Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы

2022-жылдын 26-августу № 10-1

“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун  негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:

2.Жамшитова Айнура Замирбековна-Мундуз айылынын тургуну, Сузак райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

3.Ормошев Кубанычбек Тенирбердиевич- Ак-Булак айылынын  тургуну, А. Осмонов атындагы орто мектебинин мугалими

4.Калымбетова Насыйкат Чотуровна-Мундуз айылынын тургуну, Сузак райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси

5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т.Джороев