Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы

2022-жылдын 26-августу № 10-2

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

 

·         Ибраимов Калбай-Орто-Азия айылынын тургуну, жеке ветеринар;

·         Мурзаканов Эмилбек-Жашасын-2 айылынын тургуну, жеке ишкер;

·         Ысмаылова Сайкал-Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

·         Изатов Жолдош-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары;

·         Калмурзаева Бусара-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин директору;

·         Ормокеева Махабат-Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси;

·         Максытов Кубанычбек-Кара-Көл айылынын тургуну, жеке ветеринар;

·         Исабаева Ханийпахан-Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими;

·         Баюми СаидМохамед Елсаид -бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын башчысы;

·         Абделкарим Али Мохамед-“Ассамабил” кайрымдуулук фондунун өкүлү.  

 

2.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т.Джороев