Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы

2022-жылдын 26-августу № 10-8

“Социалдык-экономикалык өнүгүү планына артыкчылыктуу деп табылган каржылануучу чакан долбоорлорду бекитип берүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, CASA-1000 долбоорунун “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбооруна  талаптарына ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү таасир этүүчү коридордогу Таштак, Көк-Булак-1, Жашасын-2, Кызыл-Сеңир жана Талаа-Булак айылдарынын артыкчылыктуу деп табылган төмөндөгү чакан долбоорлорду жана жаштардын өнүгүү планы бекитип берилсин.

 

·         Талаа-Булак айылындагы бала бакчанын курулушун аяктоо;

·         Кызыл-Сеңир айылындагы Ф. Чанаков атындагы орто мектебинин ремонту;

·         Таштак айылындагы О. Муратов атындагы орто мектебинин ремонту;

·         Жашасын-2 айылына электр мамычаларын орнотуу, зым тартуу;

·         Көк-Булак участкасындагы А. Матиев атындагы орто мектебин реконструкциялоо;

 

2.    Жаштардын өнүгүү планы жана жогорудагы айылдардын артыкчылыктуу деп табылган чакан долбоорлору Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

3.    Жаштардын өнүгүү планын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүу акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4.    Ушул токтомду ишке ашыруу Кызыл-Туу айыл өмөтүнүн ТКАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы М. Матиевге жүктөлсүн.

5.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

Төрага:

Т.Джороев