Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы

2022-жылдын 26-августу № 10-9

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 27-август 2022-жылдагы отурумунун протоколун негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ташбака куңгөй кыштоосундагы № 2218 контурунда жайгашкан кароолкана ээлеген 0,06 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

2.    Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине  жүктөлсүн.

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т.Джороев