Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2023-жылдын 30-январы № 2

Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 6-пунктуна, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:

1.Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчёту канааттандыраарлык экендиги белгиленсин. (отчёту тиркелет)

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов

 

 

 

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №01-11/2 токтомуна

№1 тиркеме

 

Баткен шаары боюнча социалдык-маданий өнүктүрүү тармагы боюнча 2022-

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Баткен шаарынын социалдык маданий өнүгүү секторунун 2022-жылдын 12 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматы

 

Негиз:1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ПЖ№1 Жарлыгы;

 2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” ПЖ № 4 жарлыгын;

 3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ№23 Жарлыгы;

 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” ПЖ№412 Жарлыгы;

 5.Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ № 561 Жарлыгы;

6.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгы;

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” №510 токтому;

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” №227 токтому;9. Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасын бекитүү жөнүндө” №518 токтому;

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепсиясы жөнүндө” ПЖ № 39 Жарлыгы.

 

 

Баткен шаары 2022-ж.

 

жылдын 12 айдын жыйынтыгына карата маалымат.

Билим берүү:

Баткен шаарынын аймагында 7 орто мектеп, 1 гимназия мектеп-интернаты, 2 башталгыч мектеп, 5 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери,  1 Кесиптик лицей, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Мындан сырткары 4 жеке менчик башталгыч мектеби жана 6 жеке менчик балдар бакчасы бар. Бул билим берүү мекемелеринде 2021-2022- окуу жылында жалпы мамлекеттик жана жеке менчик болуп 23 билим берүү мекемелеринде 9170 окуучуга 547 мугалим билим-тарбия берүүдө.

Аталышы

Мектеп жана бала бакчалардын саны

Мугалим жана тарбиячылардын саны

Окуучунун жана нарителердин саны

2021

2022

(+/-)

2021

2022

(+/-)

2021

2022

%

(+/-)

Мектептер

Мамл. орто мектептер

6

7

-

338

351

13

6442

6414

99,7

28

Мамл. башт.мектептер

2

2

-

14

15

1

118

108

91,5

-10

Гимназия жатак мектеби

1

1

-

38

42

4

422

411

97,4

-10

№57 Кесиптик лицейи

1

1

-

27

30

3

221

233

105,4

12

Менчик башт. мектептер

3

4

0

38

41

3

582

521

89,5

-61

Бардыгы

13

14

0

464

494

33

7785

7687

98,7

-98

Бала бакчалар

Мамл. балдар бакчалары

4

6

1

44

56

10

1132

1287

113,7

155

Менчик балдар бакчалары

6

6

-1

12

12

0

173

196

113,3

23

Бардыгы

10

12

0

50

53

3

1305

1483

213,6

178

Жалпы

23

26

0

514

547

36

9090

9170

100,9

80