Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 4
Баткен шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун 2022-жылга аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 1;5-пунктарына, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун 2022-жылга аткарган иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин. ( аныктама тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
|
|
| Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №01-11/4 токтомуна №1 тиркеме
|
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департементинин, муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө
МААЛЫМАТ
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниипалдык менчик департаментинде жалпысынан штаттык бирдикте бекитилген 25 кызмат ордунда бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен сапаттуу курамы 14 кызматкерди түзөт.
Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаменти ишмердуулугун шаардын аймагындагы айыл чарба жерлерин башкарууда КР жер кодексинин, КР Окмотунун 2008-жылдын 17-июлундагы №306 токтомунун, КР МК 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 типтуу жобосунун ал эми шаардын ичиндеги муниципалдык жерлерди КР Окмотунун 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун негизинде бекилген типтуу жобонун негизинде иш алып барат.
Баткен шаарынын жалпы аянты 42 765,2 га түзөт. Түндүк тарабы Кара Бак, түштүк тарабы Кара Булак, чыгыш тарабы Дара ал эми батыш тарабы Ак Сай айыл өкмөттөрү менен чектешет.
Анын ичинен:
Шаар аймагындагы жерлер | – 14923 га |
Рават жайлоосу | – 14673 га |
Дөгмөн жайлоосу | – 12726,9 га |
Кык жайлоосу | – 410,7 га |
Ат Жолу насостук стансиясынын алдындагы жер | – 31,6 га |
Баткен шаарынын мэрияснын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган муниципалдык мүлктөр боюнча.
-Имараттар | 69 801 700 сом |
-Курулмалар | 82 335 800 сом |
-Машина жана жабдуулар | 15 504 200 сом |
-Контордук жабдуулар | 1 255 400 сом |
-Эмерек жана буюмдар | 4 541 900 сом |
-Транспорттук каражаттар | 45 597 900 сом |
Жалпысы | 219 036 900 сом |
2022-жылдын 1-январына карата ЕБРР кредити жана Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган технилар.
-Водовоз Sinotruk Howo | 3 291 226 сом |
-Автовышка Sinotruk Howo | 3 426 721 сом |
-Мусоровоз Sinotruk Howo (3 даана 2977351сомдон) | 8 932 053 сом |
-Жалпысы | 15 650 000 сом |
2023-жылдын 1-январына карата ЕБРР кредити жана Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган технилар.
Мусоровоз 1 даана | 3 291 226 сом |
Автобус (6 даана 3194081 сомдон) | 19 164 487 сом |
2016-жылдын 16-декабрында КР ФМ жана Баткен шаарынын мэриясы менен түзүлгөн 19-05/69 сандуу келишимдин негизинде Баткен шаарынын таза суу линиясын реконструкиялоо максатында алынган ЕБРР тарабынан 1,5 миллион ЕВРО кредит алынган. 2023-жылыдын 1-январына карата 50 344 468 сом акча каражаты которулуп берилди.
Баткен шаарынын мэрияснын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилер боюнча.