Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 12-январы № 1

«Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин жеке турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө»

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу иш алып баруу максатында, Кызыл -Туу айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жеке турак жай куруу  боюнча туруктуу комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:

Айыл өкмөт башчысы -  комиссиянын төрагасы

Бектурганов А.К.- төраганын орун басары

Госрегистрдын өкүлү - макулдашуу боюнча

Архитектуранын өкүлү - макулдашуу боюнча

Маматкулов К.А.- АК депутаты

Осмоналиева Н.С.- АК депутаты

Егембердиев Т.Т.- АК депутаты

Майсбек у.А.-  АК депутаты

Орозакунова Ш.Ж.- Новое а. айыл башчысы

Рыскулбеков А.А.- Токбай а. айыл башчысы

Туркебеков Т.- Маловодное а. айыл башчысы

Бекболиева А.Д.- киреше боюнча башку адис

Осмонов А.Р.- жетектөөчү жер адиси

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Айылдык Кенештин төрагасы

Иманалиев К.Ю.