Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-январы № 13

«Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы No 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы No 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кызыл-Туу айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин “Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставын кайра каттоо жөнүндө” 2018-жылдын 03-июлундагы №15 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.    Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын «Кызыл-Туу айыл өкмөтү» мекемеси белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кенештин төрагасы

Иманалиев К.Ю.